Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 2-ноябрдан 8-ноябрга чейин республиканын аймагында аба ырайы ар кандай болот. Чүй облусунда 2-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
3-ноябрда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. 4-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт, 5-ноябрда тоолуу райондордо кар, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолордо кар жаайт. 6-8-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот.
Бишкек шаары
Борбор калаада 2-4-ноябрда жана 5-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 5-ноябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн. 6-8-ноябрда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот.
Талас облусу
Талас облусунда 2-4-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-ноябрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 6-8-ноябрда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Ош облусу жана Ош шаары
Ош облусунда 2-ноябрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар күтүлөт. 3-4-ноябрда жаан-чачын болбойт. 5-ноябрдын түнүндө жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолордо кар болот. 6-ноябрга караган түнү айрым жерлерде жаан, тоолордо кар, күндүз жаан-чачын болбойт. 7-8-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, 4-9 м/с.
Ош шаарында 2-4-ноябрда жана 5-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 5-ноябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн. 6-8-ноябрда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, 4-9 м/с.
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад облусунда 2-ноябрдын түнүндө жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар болот. 3-ноябрдын түнү кургак, күндүз тоолордо кар, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. 4-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-ноябрдын түнүндө тоолордо кар, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жок, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолордо кар жаайт. 6-8-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, 4-9 м/с.

















