2026-жылдын май айына карата Кыргызстандын билим берүү тармагында иштеген мугалимдердин орточо айлык эмгек акысы 49 миң 302 сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жумуш менен камсыздоону жайылтуу башкармалыгынын башкы адиси Садаткул Мукамбетова билдирди.

Ден соолук жана социалдык камсыздоо тармактарында болсо орточо айлык маяна болжол менен 53 миң сом деңгээлинде экени белгилүү болду.

Башка тармактардагы орточо айлык маяна

  • Каржы тармагы — 99 миң 7 сом
  • Маалымат жана байланыш тармагы — 89 миң 65 сом
  • Транспорт тармагы — 75 миң 784 сом
  • Өндүрүш тармагы — 73 миң 489 сом
  • Илим тармагы — 72 миң 833 сом
  • Айлана-чөйрө жана социалдык тейлөө — 37 миң 818 сом
  • Санариптик кызматтар, соода жана коммерция — 58 миң 727 сом
  • Айыл чарба тармагы — 43 миң 553 сом
  • Курулуш тармагы — 65 миң 633 сом

Маалыматтардын негизинде каржы жана байланыш тармагы жогорку маянага ээ болсо, кызмат көрсөтүү жаатында эмгектенгендердин маянасы салыштырмалуу төмөн экени көрүнүп турат.