Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, биылдын алгачкы тогуз айында банктар тарабынан берилген кредиттердин мөөнөтү боюнча маанилүү өзгөрүүлөр байкалууда. Жаңы берилген насыялардын жарымынан көбү узак мөөнөттүү, тактап айтканда, үч жылдан ашык мөөнөткө берилди.

үч жылдан ашык мөөнөткө берилген кредиттердин үлүшү41,1% пайыз56,2% пайыз +15 п.п.

Узак мөөнөттүү кредиттердин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93,8 млрд сомго өскөн. Ал эми жалпы кредит берүү көрсөткүчү 64,7 млрд сомго гана жогорулаган. Бул узак мөөнөттүү насыялардын рыноктогу таасири жогоруланып жатканын көрсөтөт.

Башка мөөнөттөргө берилген кредиттердин жалпы суммасы 194,5 млрд сомду түзүп, бул өткөн жылга карата 29,1 млрд сомго азайган.

Кредит берүүнүн жыйынтыктары

249,94млрд сом
56,2%узак мөөнөттүү кредиттердин үлүшү
194,5млрд сом (башка мөөнөттөр)