Кыргызстанда программалоо китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
«Балдар үчүн JavaScript» китебинин жаңы тиражы өткөрүлүп берилди. Бул китеп англис тилинен кыргызчага которулган жана толугу менен кыргыз тилинде басылып чыккан.
Китептин жаңыртылган тиражы өлкөдөгү жалпы билим берүү мекемелерине акысыз таралат. Маселени ишке ашырууда Мамлекеттик билим берүү министрлиги, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, "Окуу китеби" басмаканасы жана "Таалим-Форум" коомдук фонду кызматташты.
















