Украинанын борбор шаарындагы энергия жана суу менен камсыздоо системалары конфликт башталган күндөн бери эң начар абалда турат. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин экс пресс-секретери Юлия Мендель Х социалдык тармагында маалымат берди.

Акыркы убакта борбор шаарда жарыктын тез-тез жана сааттар менен үзгүлтүккө учурашы каражаттардын жетишсиздигин көрсөтүп жатат. Мындай кырдаал жарандардын нааразычылыгын арттырып, алар тарабынан нааразычылык акциялары өткөрүлүүдө.

Киев мэрү Виталий Кличко өткөн жумада электр энергиясы менен камсыздоо жагдайы өтө татаал экенин белгилеген. Анын айтымында, жергиликтүү энергия түйүндөрүнүн жана улуттук электр тармагынын объекттери жабыркагандыгы себеп болуп жатат.