Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 18 жашка толгондо кайрадан медициналык текшерүүдөн өтүү процессин жеңилдетүү сунушталууда. Жаңы мыйзам долбоорунун максаты — мамлекеттик органдар тарабынан кечигүүлөр болгон учурда социалдык жардамдарды үзгүлтүккө учуратпоо жана керексиз текшерүүлөрдү азайтуу.
Документке ылайык, балалык чагынан эле тубаса, генетикалык же айырылгыс оорулардан улам дене функцияларынын кайра кайталангыс бузулушу байкалган жаштар медициналык-социалдык экспертизадан жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өтө алышат.
Текшерүүлөрдү кантип жеңилдетет?
Майыптык тобун аныктоодо мурунку изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, медициналык корутундуларды жана ден соолугун байкоо маалыматтарын эске алуу сунушталууда. Эгерде кошумча изилдөөлөргө негизги себеп болбосо, кайрадан медициналык текшерүү талап кылынбайт. Ошондой эле, 18 жашка толгонунун өзү адамды кайрадан стационардык текшерүүгө жөнөтүүгө негиз боло албайт.
- Медициналык-социалдык экспертизаны жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүндүн макулдугу менен аралыктан же кашынан өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
- Кайрадан текшерүүгө жолдоону 18 жашка толгонго чейин алдын ала тариздөө сунушталат.
- Эгерде адистер кошумча текшерүүнү талап кылышса же жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өтүүдөн баш тартышса, алар өз чечимин негиздеп бериши керек.
- Жарандар адистердин чечимине каршы арыз менен кайрылууга укуктуу.
Мыйзам долбоору социалдык төлөмдөрдү сактоо маселесин да камтыйт. Эгерде кайрадан текшерүү процесси мамлекеттик органдардын күнөөсү менен кечигип кетсе, социалдык төлөмдөр узартылат.










