Борбордун негизги милдети — Кытай технологияларын тартуу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү жана кошумча наркы бар продукция чыгаруучу ишканаларды түзүү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Адистердин айтымында, демилге Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө жана Кытай менен болгон мамиледе негизинен соода-сатыктан республиканын аймагында товарларды биргелешип өндүрүүгө өтүүгө багытталган.
Борбордун негизги багыттары
- Өнөктөштөрдү издөө
- Өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү
- Инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү










