Кыргызстан жана Россиянын өкүлдөрү 14-июлда Бишкекте, Министрликтин көз карандысыз сертификаттоо жана валидация борборунда эмгек мигранттарын даярдоо тууралуу жолугушушту.

Жолугушууда кесиптик даярдоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, квалификациянын таанылышы жана эмгек рыногунун талабына ылайык адистерин даярдоо боюнча маселелер талкууланды.

Ага эмгек берүүчү уюмдардын, кадрларды жайгаштыруу агенттиктеринин, Финансылык университеттин, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Ранее по темеМуратбек Иманалиев: Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн тышкы саясатында негизги роль ойногон дипломат