Жогорку Кенештин депутаттарынын тобу каржылык пирамидаларды түзүү жана алардын жетекчилигин жүргүзүү үчүн катуу жазаларды караган жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Жаңы документке ылайык, мындай кылмыш үчүн соттолуу мөөнөтү 12 жылга чейин жетиши мүмкүн.

Мыйзам долбоорунун негизги жоболоруна каржылык пирамидаларды түзүү жана аларды башкаруу үчүн 5 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндиктен ажыратуу каралган. Эгерде ушундай схемалар маалымат каражаттары, социалдык тармактар же мессенджерлер аркылуу жарнамаланып, ири өлчөмдөгү зыян келтирсе, жаза 3 жылдан 5 жылга чейин созулат.

Мөөнөттөр

5-7жыл (пирамида түзүү)
3-5жыл (жарнама берүү)
7-10жыл (топ менен жасаса)
10-12жыл (уюштурулган топ)

Кылмыш уюштурулган топ тарабынан жасалса, 10 жылдан 12 жылга чейинки түрмөктө жазалоо жана мүлктү конфискациялоо каралган. Ошондой эле, мыйзам долбоорунун автору болгон депутаттар шектүү каржылык операцияларды соттун чечимисиз эле 48 саатка чейин токтотууга жана алдамчылык интернет-ресурстарын бөгөттөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунушташууда.

Инициаторлордун маалыматы боюнча, 2026-жылдын тогуз айында интернет-алдамчылыктан келген зыян 337,5 миллион сомдон ашты. Ал эми уурдалган каражаттардын болгону 2,6% гана кайтарылып алынган.

337,5 млн сом интернет-алдамчылыктан келген зыян

2026-жылдын тогуз айындагы көрсөткүч