Кыргызстанда каржы пирамидаларын түзүү жана аларды жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорлору коомдук талкууга берилди. Жаңы демилгенин алкагында шектүү банктык эсептерди жана криптоактивдерди соттун чечимисиз эле 48 саатка чейин бөгөттөөгө укук берилет.
Мыйзам долбоорлорунун пакети Кылмыш-жаза кодексине, «Жарнама жөнүндө», «Банктар жана банктык ишмердүүлүк жөнүндө» жана «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт.
Блогерлер үчүн жаңы жазалар
Сунушталган долбоор боюнча, каржы пирамидаларын же алдамчылык инвестициялык схемаларды маалымат каражаттары, социалдык тармактар, мессенджерлер жана жеке аккаунттар аркылуу жарыялоо үчүн айып пул же эркиндиктен ажыратуу каралган. Эгерде жарнама ири өлчөмдөгү зыянга алып келсе, жаза төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
Бул чектөөлөр шектүү долбоорлордун уюштуруучуларына гана эмес, алардын жарнамасын акысыз же акы төлөө менен таратып жаткан блогерлерге, инфлюенсерлерге жана башка коомдук инсандарга да тиешелүү болот. Ошондой эле, жарнама берүүчүлөр жана жарнаманы таратуучулар жарандарга келтирилген зыян үчүн мүлктүк жоопкерчиликке тартылышы сунушталууда.
Уюштуруучуларга карата чаралар
Каржы пирамидасын же алдамчылык схеманы түзүү, аны жетекдөө жана тиешелүү каттоо же лицензиясыз акча тартуу иш-чараларын уюштуруу үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу жана мүлктү конфискациялоо сунушталууда.
Эгерде кылмыш интернет-платформаларды, мобилдик тиркемелерди же социалдык тармактарды колдонуу менен топ менен жасалса, жаза дагы да катаалдашы мүмкүн.









