Климаттын өзгөрүшү шартында саламаттыкты сактоо мекемелеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн сактоо жана инфекциялык оорулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Бул тууралуу БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында медицина илимдеринин доктору жана Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо институтунун директору Жаркынбек Касымбеков «Кабар» агенттигине айтты.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү бир гана өлкөнүн же региондун эмес, бүткүл дүйнөнүн алдында турган глобалдык маселе болуп саналат.

Жыл сайын дүйнө мамлекеттеринин өкүлдөрү эл аралык форумдарда чогулуп, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана бул көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулашат. Бул процесстерге климаттын өзгөрүшүнө тиешеси бар бардык тармактардын өкүлдөрү катышып, өз сунуштарын киргизишет. Биз дагы жыл сайын Кыргызстандын сунуштарын эл аралык деңгээлде жеткирүүгө жана дүйнөлүк тенденцияга өз салымыбызды кошууга аракет кылабыз. Бул сунуштун бир бөлүгү кабыл алынган протоколдорго жана декларацияларга киргизилет.
Жаркынбек Касымбеков

Касымбековдун белгилегендей, климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу талкууланып жаткан маанилүү маселелердин бири — саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу. Атап айтканда, климаттык шарттар өзгөргөндө медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз иштешине, калкка өз убагында жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууну күчөтүүгө шарт түзүү керек.