Кыргызстанда интернетти чектөө жөнүндө талкуулар башталгандын себеби — мамлекеттик деңгээлдеги коопсуздук чаралары. Финансы рынын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов НОМАД ТВ каналына берген маегинде бул маселенин себептерин түшүндүрдү.
Негизги максат — мыйзамсыз онлайн-казинолордун ишин токтотуу жана киберкылмышчылардын жаңы схемаларына каршы туруу. Ошондой эле, балдардын интернеттеги, атап айтканда Roblox оюнундагы коопсуздугу жана жарандарды каржылык пирамидалардан коргоо маанилүү маселе катары белгиленди.
Мамлекеттик органдар криптоактивдердин рынгин өнүктүрүү, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.







