Кыргызстанда 2027-жылы эт өндүрүшү 2026-жылга салыштырмалуу 18,7 миң тоннага өсүп, жалпы 512,4 миң тоннага жетет деп өкмөт тарабынан болжолдонууда.
Ушул эле документте сүт өндүрүшүн 3,4% га көбөйтүү пландалганы айтылган. Бул өсүш сүттү 66,1 миң тоннага көбөйтүп, жалпы көлөмүн 2 миллион тоннага жеткирүү максатында.
Жумуртка өндүрүшү дагы 5,1% га жогорулап, 50,2 миллион даана көбөйүп, жалпы 1 миллиард даанага жетиши күтүлүүдө.

