Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгында малдын этинин өндүрүшү 7 миң 535,7 тоннаны түздү. Бул көрсөткүчкө уй, чочко, кой жана эчки эти кирет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, эт өндүрүшү өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 9,8%га өскөн.

2026-жылдын июнунда өндүрүлгөн эттин көлөмү 1 миң 343,9 тонна болуп, жылдагы июнь айына салыштырмалуу 0,9% жогорулады.

Мисалы, 2025-жылдын январь-июнь айларында өндүрүлгөн эттин жалпы көлөмү 6 миң 863 тонна болсо, 2025-жылдын июнь айындагы өндүрүш 1 миң 331,6 тоннага жеткен.