Кыргызстанда пенсияларды автоматтык режимде дайындоого мүмкүндүк берген жаңы маалыматтык система иштелип чыкты жана этап-этабы менен колдонууга берилет. Жаңы системанын жардамы менен жарандар пенсияга чыкканда райондук башкармалыктарга барып, арыз жазуунун же документтерди чогултуунун зарылчылыгы жок болот.

Социалдык фонддун Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Руслан Асанбеков «Ачык кабинет: жоопкерчилик зонасы» медиапроектисынын алкагында бул тууралуу маалымдады.

Иштин эки этабы

Жаңы маалыматтык системаны киргизүү эки этаптан турган. Биринчи этапта пенсияларды үзгүлтүксүз төлөө үчүн мурунку системанын туруктуу иштеши камсыздалып, төлөмдөрдү электрондук форматка өткөрүү жүргүзүлдү.

Мурун пенсия төлөө күнүнө чейин тизмелер кол менен түзүлүп, банктарга кагаз түрүндө жөнөтүлчү. Азыр бул процесс «Түндүк» системасы аркылуу толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт жана маалыматтар бир нече секундда берилет.
Руслан Асанбеков

Мындан тышкары, кызматкерлер пенсионердин банктык эсебине каражаттын түшүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй алышат.

Экинчи этапта Социалдык фонд үчүн жаңы веб-платформа иштелип чыкты. Ал фонддун 53 райондук башкармалыгына бирдиктүү маалыматтар базасы менен борборлоштурулган түрдө иштөөгө шарт түзөт.

10-12саат мурунку синхрондоштуруу
3-5секунд жаңы системадагы убакыт

Мисалы, Чаткал же Ак-Тала райондорундагы кызматкерлер киргизген маалыматтар борбордук системада өтө тез жаңырып турат.