Кыргызстанда өлкөнүн өнөр жай потенциалын жогорулатууга багытталган жаңы инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат: Новопокровка айылында «Гласс Центр» жеке менчик ишканасынын стеклопродукция чыгаруу заводу курулууда.
Улуттук инвестиция агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров 22-июлда аталган заводдун курулушуна барды. Бул иш сапар инвестициялык долбоорлорду көзөмөлдөө жана алардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулган.
Заводтун курулушу өнөр жай тармагын кеңейтүү жана өлкөнүн ишкердик чөйрөсүн диверсификациялоо боюнча маанилүү кадам болуп эсептелет. Инвестициялык демилгелердин натыйжасында жаңы жумуш орундары түзүлүп, экономиканын өсүүсүнө салым кошуу күтүлүүдө.



