Балыкчыдагы 20636 аскер бөлүгүндө 11-июлда 8-гвардиялык мотострелковдук дивизиянын 85 жылдыгын майрамдоо үчүн атайын салтанат уюштурулду. Иш-чарага дивизиянын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты.
Бул дивизия Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, анын тарыхы жана жетишкендиктери бүгүнкү күнгө чейин муундан муунга мурас катары өтүп келет. 85 жылдык маараке жергиликтүү коомчулуктун көңүл борборунда болду.

