Кыргызстанда эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын каттоо тартиби өзгөрдү. 9-декабрдан тартып мопеддерди, скутерлерди, мокиктерди, мотороллерлерди жана электроскутерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү милдеттүү болуп саналат.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул чаралар 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 мыйзамдын негизинде киргизилүүдө. Мыйзамга ылайык, бензин менен иштеген мопеддердин кыймылдаткычтын көлөмү 50 куб сантиметрден ашпоого тийиш.

Бул чечим жолдогу кырсыктардын санын азайтуу максатында кабыл алынды. Бишкек шаарындагы статистика кырсыктардын өтө жогору экенин көрсөтүүдө.

372кырсык (Бишкекте)
19өлгөн адам
379жаракат алган

ГУОБДД Бишкек шаарында 2026-жылдын биринчи он айында мотоциклдер, скутерлер, самокаттар жана электровелосипеддер катышкан 372 жол кырсыгы катталганын билдирди.