Кыргызстандын казынасына пайдадан алынуучу салыктын түшүүсү өсүү динамикасын көрсөттү. Финансы министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, январьдан октябрга чейинки мезгилде бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,7%га жогорулаган.
пайдадан алынуучу салык19,2 млрд сом22,0 млрд сом +15%
Аталган суммаларга тоо-кен ишканаларынын киреше салыгы кирген эмес. Финансы министрлиги бул салыкты пайдадан алынуучу салыктын кеңири тобуна киргизет, бирок атайын эсептелген төлөмдөр бул көрсөткүчкө кошулган эмес.





