Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, Кыргызстанда ичимдиктер өндүрүшүнүн көлөмү 2026-жылдын январы-сентябрына чейин 30 млрд 360,3 млн сомду түзгөн. Бул сумма 2025-жылдын ушул мезгилинин 21 млрд 878,1 млн сомго салыштырмалуу жогору болуп эсептелет.

Өндүрүштүн өсүшү боюнча маалыматтар

30,3млрд сом
21,8млрд сом

Ичимдиктер өндүрүшүнүн физикалык көлөмү индекси 2026-жылдын 9 айына чейин 109,9% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 9,9% өсүштү көрсөткөн. Сентябрдагы өндүрүш көлөмү 3 млрд 614,95 млн сомду түзүп, 2025-жылдын сентябрындагы 2 млрд 781 млн сомго салыштырмалуу 124,8% индекси менен 24,8% жогорулаган.