Агрардык саясат, суу ресурстары, жер байлыктарын пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин жыйынында 2026-жылы өлкөдө минералдык жер семирткичтердин жетишсиздиги болору маселеси көтөрүлдү. Депутаттар Кабинет Министрлигинин бул тартыштыкты кантип чечүү пландап жатканын сурашты.}},{
Айыл чарба министрлигинин орун басары Асылбек Сатыбалдиев 20 миң тонна минералдык жер семирткич жетишпей турганын тастыктады. Ал бул көйгөйдү чечүү боюнча Өзбекстан жана Россия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн белгиледи.
2027-жылы биз минералдык жер семирткичтердин жетишпеген көлөмүн камсыз кылабыз.
Сатыбалдиевдин айтымында, 2027-жылы жетишпеген жер семирткичтердин көлөмү толук камсыз кылынат. Ошондой эле Ноокат шаарында жер семирткич чыгаруучу заводдун иштеши боюнча маселелер айтылды.
Заводдун иштеши үчүн жер маселеси чечилбей жатат. Ноокатта завод үчүн бир нече гектар жер бөлүнгөн болсо, бирок компания өкүлдөрү заводдун кубаттуулугу чоң болгондуктан, бул жердин жетишсиздигин билдиришкен. Ал жерлердин жанындагы аймактар мурун эле ижарага берилгендиктен, учурда жергиликтүү бийлик бул маселени чечүү үстүндө иштеп жатат.










