Ноокат районунда жер семирткич заводунун биринчи кеңсеси салтанаттуу түрдө ачылып, жаңы инфраструктуралык объект региондогу өндүрүштүн өнүгүүсүнө чоң салым кошууда.
Кеңсенин ачылышы бирдиктүү өндүрүш тутумун жөнгө салууга, илимий-техникалык иштерди жүзөгө ашырууга жана кардарларга кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.
Завод директорунун кеңешчиси Абдыжапар Бегматов белгилегендей, бул завод Кыргыз Республикасында уникалдуу болуп, импортту алмаштыруучу өндүрүш катары кызмат кылат жана экологиялык таза органикалык-минералдык жер семирткичтерди чыгарат.
Кеңседе лаборатория жайгашып, ал жер кыртышынын толук анализин жүргүзүп, жерге керектүү азот, фосфор, калий элементтеринин деңгээлин аныктап берет. Ошентип, ар бир аймакка ылайыктуу жер семирткичтер өндүрүлөт.
Лабораториянын жабдуулары учурда келүүдө жана куруу-монтаждоо иштери жүрүүдө. Өндүрүлгөн продукция өндүрүштөн өтүп, мамлекеттик стандарттарга ылайык текшерүүдөн соң гана сатууга чыгарылат.

