18-20-ноябрь күндөрү Казакстандын борбору Астанада ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин саламаттык сактоо маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын III жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара «ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринде санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүү жана саламаттык сактоо тармагында жасалма интеллектти колдонуу» деген темада уюштурулган.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова жана комитет мүчөсү Мавлюда Калбердиева катышты.

Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана заманбап технологияларды колдонуу маанилүүлүгүн белгиледи. Ал санариптештирүүнү медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган маанилүү кадам катары баалады.

Санариптештирүү жана жасалма интеллект - бул жөн гана технологиялык жаңылануу эмес, медициналык тейлөөнүн сапатын арттырууга жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам
Гүлкан Молдобекова

Кыргызстанда медицинаны санариптештирүү боюнча жүрүп жаткан иштердин мисалы катары «Санарип клиника» маалыматтык системасы айтылды. Бул система аркылуу жарандар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу мүмкүн:

  • Дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу
  • Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алуу
  • Эмдөөлөрдү каттоо
  • Электрондук рецепттерди колдонуу

Мындан тышкары, телемедицинаны өнүктүрүү жана жасалма интеллектти киргизүү боюнча жаңы долбоорлор пландалууда. Алардын ичинде «Salamat» санариптик жардамчыларын түзүү, медициналык сүрөттөрдү жасалма интеллект аркылуу талдоо жана электрондук медициналык маалыматтарды иштеп чыгуу системаларын жакшыртуу каралган.

Депутат жаңы технологияларды колдонууда жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана медицина кызматкерлеринин жоопкерчилигин сактоо зарыл экенин баса белгиледи. Ошондой эле реформалардын мыйзамдык негиздерин чыңдоо жана парламенттик көзөмөлдү күчөтүү максаттуу экенин айтты.