Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын өз ара сапарларын жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууну даярдоону сунуштады. Бул тууралуу ал Анкарада өткөн ТМУ саммитинде билдирди.
Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, документ чек арадан өтүүдө ID-карталарды колдонууну кеңейтүүнү жана башка өлкөлөрдүн аймагында болуу тартибин жөнөкөйлөтүүнү карашы керек.
Анда ID-карталардын негизинде сапарларды кеңейтүү, чек арадан өтүү жана кабыл алуучу мамлекеттин аймагында болуу тартибин жөнөкөйлөтүү маселелерин чагылдыруу зарыл.
Азыркы учурда Түрк мамлекеттер уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Жаңы демилге ишке ашса, бул өлкөлөрдүн жарандары бири-бирине чет өлкө паспортусуз эле ички ID-карта менен бара алышат.





















