Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология кызматынын директору Даурбек Сакыевдин айтымында, акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөр 16 пайызга эрип кеткен.
Адистердин божомолуна ылайык, эгерде учурдагы тенденция сакталса, жакынкы 70 жылда өлкөнүн мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 30 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн.





