Стамбулда 7-октябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) юстиция министрлеринин 3-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигинен билдиришти.
Жыйынга Кыргызстандын юстиция министри Алмаз Айылчиев, Түркиянын юстиция министри Акин Гюрлек, Азербайжандын юстиция министри Фарид Ахмадов, Өзбекстандын юстиция министри Акбар Ташкулов, Казакстандын юстиция министринин орун басары Ботагөз Жакселекова жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Министрлер юстиция тармагындагы реформалар боюнча маалымат алмашып, келечектеги кызматташуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө басым юстиция системасын санариптештирүүгө, заманбап маалыматтык технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүүгө жасалды. Бул адилет соттун натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Алмаз Айылчиев Кыргызстан юстиция системасын санариптештирүүнү жигердүү ишке ашырып жатканын, юстиция органдарынын жана сот системасынын ишине заманбап технологияларды жана санариптик инструменттерди ырааттуу киргизип жатканын баса белгиледи.











