Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» ай сайын бериле турган төлөмдөрдү дайындоо критерийлерин кайра карап чыгуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү депутат Улан Примов сунуштап жатат.

Азыркы учурда төлөмдү дайындоодо үй-бүлөнүн жалпы кирешеси, мал-жандыктын саны жана белгилүү бир мүлктөрдүн бар экендиги эске алынат. Бул талаптар үй-бүлөнүн чыныгы муктаждыгын так көрсөтпөй калышы мүмкүн деген пикирлер бар.

Учурдагы эрежелер кандай?

  • Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө төрт шарттуу бирдикке чейин майда мүйүздүү мал түшсө, жардам берүүдөн баш тартуу мүмкүн.
  • Эгерде үй-бүлөдө бир же андан көп иштеп жаткан узак мөөнөттүү колдонуудагы товарлар же экиден көп турак жай объектиси болсо, төлөмдөрдөн ажыратылат.
  • Узак мөөнөттүү товарларга 15 жылдан ашпаган жеңил автоунаалар, айыл чарба техникасы, жүк ташуучу унаалар жана микроавтобустар кирет.

Эмне өзгөрөт?

Сунушталган мыйзам долбоору боюнча 9-береке жаңы редакцияда берилет. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — үй-бүлөнүн муктаждыгын кепилденген минималдуу кирешеге карата ар бир адамдын орточо кирешеси жана алардын материалдык абалын объективдүү мүнөздөөчү башка жагдайлар аркылуу аныктоо.

Эң негизги өзгөртүү — киреше алып келбеген кыймылдагы же кыймылсыз мүлктүн бар экендиги өз алдынча төлөмдөрдү берүүдөн баш тартууга негиз болбошу керек.