Кыргызстандын курулуш тармагынын көрсөткүчтөрү акыркы жылдары кескин өскөн. Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Кыргызстандын Курулушчулар союзунун жетекчиси Чолпонбек Акматов курулуш көлөмүнүн өсүшү тууралуу маалымат берди.
Курулуш секторунун өсүшү
Тармакты иреттешүү үчүн курулуш компанияларынын төлөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү сунушталды. Чолпонбек Акматов компаниялардын уставдык капиталын 100 миллион сомго чейин көтөрүп, талаптарды этап-этабы менен катуулатуу керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, батирлерди курулуш башталып, котлован казулган учурда сатууга тыюу салуу маселеси каралууда. Мындай чектөөлөр рыноктун ишенимдүүлүгүн арттырып, жарандардын укуктарын коргоого жардам берет.
Биз этап-этабы менен жылуу сунуштадык: алгач курулушчулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн текшерип, уставдык капиталга коюлуучу талаптарды, мисалы, 100 миллион сомго чейин жогорулатуу керек. Ошондо гана тармакта милдеттенмелерин аткара алган компаниялар калат.










