Кыргыз режиссер Тыныстан Темиржан «Кечир мени, досум» аттуу кыска метраждуу тасманын ишин бүттү. Бул тасма эл аралык кинофестивальдерде көрсөтүлүүгө даярдалууда.
Продюсер Суйум Сулайманованын айтымында, тасманын сценарийин 2023-жылы «Asian Films Awards» уюмуна жөнөтүп, анын жыйынтыгы боюнча алар Макаого чакырылып, International Film Camp кинолагеринде катышкан.
Бул кинолагерь Азиянын кинематографисттери үчүн уюштурулган. Анда миңдеген сценарийлердин ичинен топ-16 жана андан ары 8 сценарий тандалып, аларга тасманы жаратуу үчүн грант берилет.
Тасманын тартылышы Кыргызстандын Нарын облусунда өткөн жана ал толук бүтүп, катышуучу тасмалардын эң мыктысы катары таанылууда.
