2026-жылы "Кыргыз почтасы" ОАО М.В. Фрунзе атындагы мемориалдык үй-музейинин жүз жылдыгына карата атайын почта маркаларынын сериясын сунуштады.

Бул иш-чара 11-августта Бишкекте өтүп, ага музейдин директору К.М. Амакучуков, "Кыргыз почтасы"нын вице-гениралдык директору Уулжан Масиянова жана методология бөлүмүнүн башчысы Дамира Орозбекова катышты.

М.В. Фрунзе музейи 1925-жылдын 9-декабрында Кыргыз автоном облусу Советтик борбордук аткаруу комитетинин токтомунун негизинде түзүлүп, белгилүү мамлекеттик ишмердин арбагын урматтоого арналган.

Юбилейлик сериянын курамына 9 почта маркасы кирет. Аларда Фрунзе мырзанын турмуштук ар кайсы мезгилдердеги портреттери, музейдин тарыхый имараты, ошол доордун символдору жана Кыргызстандын мамлекеттик өнүгүүсүнө анын байланыштары чагылдырылган.