Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин негизинде «Инклюзивдик өнүгүү» борборунун салтанаттуу ачылышы өттү. Иш-чарага жогорку окуу жайдын жетекчилиги, факультеттердин декандары, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
Борбордун ишмердүүлүгү өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар, анын ичинде аутизм спектринин бузулушу бар балдарды өнүктүрүүгө, алардын жеке жөндөмдөрүн калыптандырууга жана коомго аралашуусуна багытталган. Мында ар бир баланын жаш өзгөчөлүгүн жана кабыл алуу деңгээлин эске алуу менен жеке коррекциялык-өнүктүрүүчү сабактар өткөрүлөт.
Негизги көңүл баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, өз муктаждыктарын билдирүүгө жана күнүмдүк турмуштук көндүмдөрдү өздөштүрүүгө бурулат.
Ошондой эле, борбор ата-энелер менен иштөөгө өзгөчө маани берет. Алар сабакка катышып, балдар менен үйдө туура иштөө методикаларын үйрөнүшөт жана адистерден практикалык сунуштарды алышат.
Мындан тышкары, бул мекеме педагогика жана психология багыттары боюнча окуган студенттер үчүн практикалык база болуп кызмат кылат. Тажрыйбалуу окутуучулардын жетекчилиги астында келечектеги адистер теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдеп, өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

















