Бишкектеги «Эне Үйү» ресурстук борборунда жаш энелерди кесипкөй окутууга багытталган тигүү цехи ачылды. Бул иш-чара Эл аралык аял ишкердиги күнүнө карата өткөрүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, жаңы мастеркана аялдардын керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө, жумушка орношуусуна жана өз алдынча киреше табуусуна көмөктөшөт.

Ачылыш аземине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Аида Исатбек кызы, Кыргызстандагы «ООН-Аялдар» түзүмүнүн жетекчиси Саед Садык жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңдик боюнча секретариаттын жетекчиси Нуржамал Жоробекова катышты.

«Эне Үйү» ресурстук борборунун директору Назгүл Турдубекова конокторду борбордун ишмердүүлүгү жана жаңы мастеркананын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Эми мен балаңды калтырбай эле иштеп, эмчек сүтүн берүүнү уланта алам.
Борбордун катышуучуларынын бири

Аялдар мастеркананын борбордун ичинде жайгашкандыгын өзгөчө белгилешти. Бул алардын жумуш менен баласына кам көрүүнү айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Аялдар бала менен жумуштун ортосунда тандоо албашы керек. Ар бир эненин баласына кам көрүүгө, кесиптик жактан өсүүгө жана каржылык жактан көз карандысыз болууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл.
Назгүл Турдубекова, «Эне Үйү» ресурстук борборунун директору