Россиянын Билим берүү жана илим министрлигине практикалык жана лабораториялык иштерди өткөрүү үчүн керектелүүчү материалдардын үлгүлөрү келип түштү. Бул каражаттар жакынкы арада Кыргызстандын, Тажикстандын жана Монголиянын билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт деп билдирди.
Бул жардам «Россиялык мугалим чет өлкөдө» эл аралык гуманитардык долбооруна катышып жаткан өлкөлөргө багытталган. Долбоордун алкагында мектептердин инженердик класстарынын педагогдары 2026-жылдын жазында квалификациясын жогорулатуу программалары боюнча окуудан өтүп, санариптик лабораториялар менен иштөөнү үйрөнүшкөн.
Аталган долбоорду Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык борбору ишке ашырууда. Бул демилге 35 өлкөнү бириктирет.








