Бразилиянын А сериясынын 22-турундагы "Коритиба" менен "Шапекоэнсе" командаларынын ортосундагы беттеште күтүлбөгөн окуя катталды. "Коритиба" клубунун 29 жаштагы коргоочусу Жаси голду майрамдап жатып туннелге кулап түшкөн.

Гол жана кулап кетүү

Окуя беттештин 43-мүнөтүндө болгон. Жаси топту башы менен дарбазага таамай киргизгенден кийин, кош бойлуу жубайына арнап топту футболкасынын ичине салып, андан соң жарнак тактасынын үстүнөн секирип өткөн. Так ошол жерде стадиондун ички бөлмөсүнө алып баруучу ачык туннель жайгашкан экен. Футболчу ошол жерге кулап түшкөн.

Алгач Жаси өз алдынча сыртка чыгып, бир нече метр чуркаган, бирок көп өтпөй чөпкө жатып калган. Кийинчерээк анын киргизген голу офсайддан улам жокко чыгарылганы белгилүү болгон.

Жаракат жана футболчунун пикири

Жаси беттешти улантууга аракет кылганы менен, экинчи таймдын башында алмаштырууга туура келген. Ал эми беттеш 2:1 эсебинде "Коритиба" командасынын жеңиши менен аяктаган.

Мен жакшымын. Коргоочулар көп деле гол киргизе бербейт эмеспи, ошондуктан мен өтө эле кызыгып кетипмин, а туннель болсо ачык экен. Бир аз ооруп жатат, бирок мен жакшымын.
Жаси, "Коритиба" командасынын коргоочусу