Мурунку премьер-министр Кубанычбек Жумалиевге таандык болгон эки имаратта жеке мектептер ачылды. Бул тууралуу «Биринчи радиодо» мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов билдирди.

Агенттиктин жетекчисинин айтымында, учурда мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөн бардык объекттер кайра мамлекеттин балансына кайтарылууда. Мындай активдер коррупцияга жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүү алкагында же ээлери тарабынан өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлүп берилет. Андан соң бул имараттар башка мамлекеттик органдарга берилиши же жеке түзүмдөргө ижарага берилиши мүмкүн.

Президент мектеп же бала бакча курууну каалаган инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүү жана аларга жер участокторун берүү тапшырмасын берди. Биз дагы инвесторлор менен иштейбиз. Мисалы, бизге мурда колдонулбаган жана абалы өтө начар болгон имараттарды беришти. Бүгүн бул эки имаратта заманбап жеке мектептер ачылды, алардын бири — «Креатив-Таалим» мектеби.
Бексултан Токонов

Бексултан Токоновдун маалыматы боюнча, мурда бул имараттар өтө эскирген жана эч ким кирбеген абалда болгон.