Өткөн форумдун алкагында Кыргызстандын бардык аймактарынан келген аялдар өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Алар айыл чарба тармагында иш алып барууда кандай тоскоолдуктарга туш болуп жаткандыгын жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн кандай идеялар бар экенин айтып беришти.
Катышуучулардын сунуштары келечекте маанилүү ролду ойнойт. Аталган идеялар 2027-жылга карата колдоо көрсөтүү чараларын иштеп чыгуу учурунда эске алынат деп билдирилди.







