Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев 23-октябрда Японияга расмий сапарынын алкагында Япониянын Парламентинин Сенатынын төрагасы Масакудзу Сэкигути менен жолугушууга аттанды. Жолугушуунун негизги максаты — парламенттердин ортосундагы байланыштарды бекемдөө, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулоо болгон.

Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 34 жыл болгонун белгилеген. Ал бул аралыкта эки өлкө арасында өз ара ишенимге жана достукка негизделген бекем өнөктөштүк калыптанганын айткан.