Кыргыз-казак чек арасындагы «Кордай» өткөрмө бекетинде бир кыргызстандык аял үч баласы менен бир нече сааттан бери өлкөгө кирүүгө уруксат албай турат.

Журналист Гульназа Абылкасымова өзүнүн Facebook баракчасында аялдын Кыргызстанга кайтып баратканын, Россия жана Казакстандын аймагындагы өзгөчө тоскоолдуктарсыз өтүп кеткенин белгиледи.

Бирок «Кордайдагы» кыргыз чек арачылары балдардын бирөө үчүн каттоо маселеси жаралган деп айтышты. Ошондуктан аял жана балдар учурда чек ара бекетинде турушат.

Гульназа Абылкасымова билдиргендей, үй-бүлөгө чек ара бекетинде 10 күнгө чейин күтүүгө мүмкүнчүлүк берилсе да, мамлекеттик органдардан расмий комментарий болбоду.

Журналист ошондой эле Кыргызстандын тышкы иштер министрлигин, Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктү жана тиешелүү мекемелерди абалды иликтеп, үй-бүлөгө жардам көрсөтүүгө чакырды.