Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин 29-сентябрдагы №653 токтому менен бекитилди. Ал документтин негизинде мамлекеттик стратегия 2026–2030-жылдарга чейин иштейт, деп жазат Tazabek.

Жаңы талап боюнча, бардык банктар, төлөм уюмдары жана акча алмаштыруу жайлары ички көзөмөл программаларын жаңыртышы керек. Күтүлүп жаткан натыйжа — накталай акча менен эсептерди анонимдүү толуктоо схемаларын жоюу.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Министрлер кабинети электрондук төлөм каражаттарын кылмыштуу транзакцияларга анонимдүү кызмат көрсөтүү үчүн жогорку деңгээлдеги аялуу жак катары баалайт. Электрондук капчыктар жана акча которуу системалары экстремисттик уюмдарды каржылоонун каналдары деп аталат.

Стратегиянын башкы максаты — 2026–2027-жылдары Евразиялык топтун үчүнчү өз ара баалоо раундунан өтүү жана Кыргызстандын ФАТФтын «боз тизмесине» кирип калуу тобокелдигин жоюу.

Документтен

Улуттук банк менен Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы 2027-жылдын I кварталында каржы мекемелеринин практикасына төлөм терминалдары аркылуу эсептерди толуктоодо кардарларды аралыктан идентификациялоону киргизиши керек.
Министрлер кабинетинин №653 токтомунан