Россиялык актёр, телеалып баруучу жана продюсер Михаил Галустян Душанбеге бизнес-долбоордун бет ачарына келгенден кийин Тажикстан элине кечирим сурады. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат таратты.

Актёрдун кечирим сурашына себеп — «Наша Russia» шоусундагы Равшандын образы. Тажик сегментиндеги колдонуучулардын бир бөлүгү анын Душанбеге келишин терс кабыл алышкан, анткени ал эмгек мигранттары жөнүндө кемсинткен стереотиптерди жайылткан деп эсептешкен.

Галустян сапар анын Тажикстан жана анын эли жөнүндөгү түшүнүгүн өзгөрткөнүн белгиледи. Ал эл алдында кечирим сурап, сөз сүйлөдү.

Менин мурунку ролдорум кимдир бирөөгө оору же нааразычылык алып келген болсо, чын жүрөктөн өкүнөм
Михаил Галустян, актёр

Буга чейин Тажикстандын активисттери жана блогерлери актёрду берүүлөрдө жана тасмаларда жарандарды стереотиптүү чагылдырганы үчүн сындашкан.