Кочкор районунда Баткен окуяларынын катышуучуларына жана Ата Мекенди коргоодо эрдик көрсөткөн жарандарга ардак грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Иш-чара Кочкор айылындагы «Сейил» эс алуу паркында Сагынбек Бекбалаевдин эстелигине гүл коюу менен башталды. Ага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын аким орун басары Талгат Исаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Баткен окуяларынын катышуучулары жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн өмүрүн берген баатырлардын эрдигин эскерип, куран окушту.
Аким орун басары Талгат Исаев белгилегендей, Мекен үчүн жанын берген жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт жана алардын каармандыгы патриоттуулуктун, өз жерине жана элине берилгендиктин үлгүсү болуп саналат.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү Геннадий Базаров атындагы «Чолпон» кинотеатрында уланды. Анда райондук мамлекеттик администрациянын атынан Баткен окуяларынын катышуучуларына жана эрдик көрсөткөн жарандарга ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү да өздөрүнүн ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырышты.
Баткен окуяларынын катышуучулары үчүн райондук маданият үйүнүн кызматкерлери чакан концерттик программа даярдашкан.
Кочкор районунда Баткен окуяларынын 101 катышуучусу (ветераны) каттоодо турат. 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында өлкөнү коргоо учурунда курман болгондордун элесине арналган иш-чаралар уланууда.



























