Панфилов районунда 26-октябрда 1999–2000-жылдары эл аралык мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу учурунда курман болгон жоокерлерге арналган эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Учурда аталган райондун аймагында жалпысынан 39 баткенчи ардагер каттоодо турат.
Райондо Баткен окуяларында курман болгондорго арналган эстеликтин жоктугунан улам, ардагерлер жыл сайын гүл коюу үчүн Бишкек шаарына барышчу. Быйыл алар өз районунда калууну чечишип, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен кафеде чогулушту.
Жолугушууга район акими, Кайыңды шаарынын жетекчилиги, УКМКнын райондук өкүлү, Панфилов райондук сотунун төрагасы, район прокурору жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы катышып, ардагерлерди куттукташты. Чогулгандар курман болгон жоокерлерди бир мүнөттүк эскерүү менен эскерип, куран окушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө аскер комиссары жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн бир катар жоокерлерге Ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле айрым ардагерлерге медалдар ыйгарылды.
Мындан тышкары, баткенчи ардагерлерге жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бир жолку акчалай каражаттар берилди.
























