Мантыш айылында өткөн салтанаттуу иш-чарада райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, Кочкор районунун айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгы жана Кара-Суу айыл өкмөтү өкүлдөрү катышты. Алар райондогу айыл чарба тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Майрамдын алкагында тармактын алдыңкы кызматкерлери, фермерлер жана айыл чарба ишкерлери өзгөчө белгиленди. Ошондой эле жергиликтүү аграрийлер өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болгон продукцияларды көрсөтүп беришти.
Сыйлыктар жана грамоталар
Иш-чара учурунан Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы төмөнкү адистерге тапшырылды:
- Мамышева Жылдыз Барктабасовна — Кочкор районунун суу чарба башкармалыгы бөлүмүнүн башчысынын орун басары
- Жумалиев Руслан Уранович — Кочкор районундагы айыл чарба тармагындагы жеке ишкер
Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын ардак грамотасы төмөнкү адамдарга берилди:
- Рысалиев Сагынбек Калиевич— Кум-Добо айыл аймагынын Кара-Тоо жана Арсы айылдарынын механикатору
- Турдубаев Торобой Боксорбосович— Кочкор районунун суу чарба башкармалыгынын № 3 гидроучасткесинин башчысы
- Молдокулова Гюлзат Каналбековна— Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Добо айылындагы жеке ишкер (аарычы)
Кочкор районунун айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген ардак грамоталар төмөнкү адистерге тапшырылды:
- Акматова Бурулсун Бекбоевна — Кум-Добо айыл өкмөтүнүн жеке ветеринардык адиси
- Кемелов Тилеген Жаныбекович — айдоочу






















