Ош облустук ИИБдин билдиришинче, Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 7-августта келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу тарабынан каза болгон адамдын башы денесинен болжол менен 600 метр алыстыкта ​​жайгашканы аныкталган.

Күнгө көпкө турганынан улам дененин айрым жерлеринин өңү өзгөрүп кеткен. Укук коргоо органдары тарабынан окуя боюнча алгачкы иликтөө иштери башталды. Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда милиция кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн тактоо жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.