Чүй облусунун Кемин аймагында чакан ГЭСти куруу учурунда компаниянын ашканасында өрт чыкты. Бул тууралуу Кемин РИИБинен билдиришти.
Баштапкы маалыматтар боюнча өрт электропроводканын кыска туташуусунан келип чыккан. Өрт тез арада өчүрүлүп, эч ким жабыркаган эмес.
Аталган курулушта 34 кыргызстандык кызматкер иштейт жана чет өлкөлүк жумушчу жок. Учурда өрттүн чыгуу шарты такталууда.













