Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Палестинанын көз карандысыз жана чек аралары сакталган мамлекет болушу үчүн аракеттерин уланта берерин билдирди.

Анкара Палестинанын көз карандысыздыгын 1967-жылдагы чек араларда, анын борбору катары Чыгыш Иерусалимин белгилөө менен колдой турганын айтты.

Палестина администрациясынын башчысы Махмуд Аббас Израил 6,5 миллиард доллардай каражатты кармап жатканын айтып, бул маселени терең эконмдик кыйынчылыктарга алып келерин изгиледи.

Мындан тышкары, Израилдин мурдагы Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Меир Бен-Шаббат Түркиянын Борбордук Чыгыштагы таасирин өтө жеңилдетпеш керектигин эскертти.

Ал Түркиянын аймакта өз позицияларын бекемдеп жатканына көңүл бурду.