Казакстандын батышындагы Актобе шаарынын фермери Марлен Баймагамбетов жалпы чатта кесиптештерине дизель күйүүчү майдын баасынын кымбатташын жана тармактагы башка көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн жолугушууну сунуштаган. Бул үчүн ал 15 суткага камакка алынгандыгы тууралуу «Время» газетасы жазып жатат.

Административдик укук бузуулар боюнча адистештирилген райондор аралык сотунун чечимине ылайык, Баймагамбетов тынч чогулуштарды уюштуруу тартибин бузган деп табылган. Себеби, ал акиматка алдын ала билдирүү берген эмес.

Фермер өзүнүн күнөөсүн мойнуна албай, административдик ишти токтотууну суранган. Анын түшүндүрмөсүнө караганда, ал митинг өткөрүүнү көздөбөгөн, болгону аграрлардын көйгөйлөрүн журналисттердин көңүлүнө бургусу келген. Кийинчерээк ал ошол эле чатта кесиптештеринен чогулушпоону суранган.

Баймагамбетов дизель күйүүчү майдын баасынын өсүшү боюнча социалдык тармактарда өз позициясын бир нече жолу билдирген. Ал мамлекеттик органдарга жана партияларга кайрылып, августдан ноябрга чейин дизельдин баасы ай сайын бир нече тенгеге өскөнүн айткан.

Анын айтымында, коңшу Россиядан арзан дан келип түшкөндүктөн, жергиликтүү фермерлер түшүмдү ыңгайлуу баада сата албай жатышат. Натыйжада, өндүрүүчүлөр данды ала сатып алуучуларга арзанга сатууга мажбур болушат, бул болсо кийинки сезондо жерди даярдоо жана иштерди жүргүзүү үчүн каражаттын жетишсиздигине алып келет.