ИИМдин маалыматы боюнча, Сыргак Кенжебаевге карата массалык башаламандыкка чакырыктар боюнча кылмыш иши иликтенип жатат. Мындан тышкары, ал мурда алдамчылык боюнча эл аралык издөөгө алынган, бул иш боюнча келтирилген зыян 150 миң долларга бааланган.

Акыркы айларда Кенжебаев социалдык тармактарда ар кандай саясий билдирүүлөрдү жарыялап, президенттин жакындарына айыптоолорду айтып келген. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул жарыяларга комментарий берип, айтылган айыптоолорду толугу менен четке каккан.

13-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Кенжебаевди камакта кармоо мөөнөтүн 13-ноябрга чейин узартты. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту («Алдамчылык») жана 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык башаламандык») боюнча айыпталууда.

Август айында Кенжебаев президент Садыр Жапаровдун жакындарына айыптоолорду камтыган бир катар видео кайрылууларды жарыялаган. Атап айтканда, ал мамлекет башчысынын бир тууганы Сабыр Жапаров менен анын уулу Азат бажы ишине таасир этишет деп ырастаган. Ошондой эле мамлекеттик резиденциянын жанында президенттин жакындары кадрдык жана саясий маселелерди талкуулаган белгилүү бир «кеңсе» бар экенин билдирген.

Президенттин администрациясы бул божомолдорду четке какты. 10-августта президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кенжебаевдин билдирүүлөрүн «жалган, манипуляциялык жана ырасталбаган фактылар» деп атады. Ал далил катары бажыдан түшкөн кирешенин өсүшүн келтирди.

Тергөө иши уланууда.