CentralAsia (KZ) маалымат агенттигинин AKIpress булагына таянып, Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Орусия президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Омск шаарында Эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташтыгынын XXII форумунун аянтчасында жолугушуу өткөрүштү. Алар Орусия-Казакстан кызматташтыгын регионалдык жана эл аралык деңгээлде талкуулашты.
Форумга эки өлкөдөн 650 катышуучу келди. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
Жолугушуудан кийин президенттер «Глобалдык логистикалык экосистеманы түзүү: Орусия-Казакстан кызматташтыгынын жаңы горизонттору» темасындагы пленардык жыйынга катышышты.
Форум 24-25-июль күндөрү өтүүдө.







