Демилгенин чоо-жайы
Казакстан ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинде графит тигелдерине болгон импорттук бажы алымынын ставкасын 13%дан 0%га чейин төмөндөтүүнү сунуштады. Бул демилге 16-июлда ЕАЭБ порталында коомдук талкууга коюлган.
Сөз электроникада колдонулбаган графиттен жана углероддон жасалган тигелдер жана башка буюмдар жөнүндө болуп жатат. Бул товардын ТН ВЭД ЕАЭБ коду 6815 19 000 0. Нөлдүк ставканы 2031-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө белгилөө пландалууда.
Максаты жана кесепеттери
Казакстандын маалыматы боюнча, графит тигелдери титан продукциясын өндүрүүдө чыгымдалуучу материал катары колдонулат, атап айтканда, суутектин курамын сыноо үчүн зарыл. Бул чара титан продукциясынын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана анын дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары биримдиктин бардык өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан тарабынан колдонулат.



